Бүгүн, 26-январда Чүйдүн Сокулук райондук сотунда мурдагы жубайынын кулак-мурду кесип салган Азамат Эстебесовдун соту өтөт.
Жабырлануучу Асел Ногойбаевага колдоо көрсөткөнү келген укук коргоочулар менен жарандык активисттер Эстебесовду өмүр бою эркинен ажыратууну талап кылышууда.
Бүгүнкү соттук отурумда айыпталуучуга өкүм чыгары күтүлүүдө.