Бүгүн, 26-январда 20 жылга соттолгон Азамат Эстебесов соттун өкүмүнө макул эмес экенин айтты.
Сот өкүм чыгаргандан кийин Эстебесовду сот залынан конвойлор алып кетип баратканда журналисттердин, "Соттун өкүмүнө макулсузбу?" деген суроосуна, "Макул эмесмин" деп айтууга үлгүрдү.
Толугураак комментарий алууга конвойлор мүмкүнчүлүк беришкен жок.
Белгилей кетсек, бүгүн Чүйдүн Сокулук райондук соту айыпталуучу Азамат Эстебесовду коюлган 11 айыптын ичинен 10 айып боюнча күнөөлүү деп таап, 20 жылга эркинен ажыратты.