MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору ишкерлерге уникалдуу функционалдуулугу менен MegaKassa контролдук-кассалык машиналардын жаңычыл сервисин сунуштайт.
MegaKassa ─ бул 2020-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын талаптарына ылайык, салык органдарына маалыматтарды онлайн режиминде өткөрүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу жөнөкөйлөштүрүлгөн салык режими үчүн ыңгайлуу шайман. Кызмат товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда жана сатууда акчалай эсептешүүлөрдү фискалдык кассалык чекти берүү менен жүзөгө ашыруучу ишкерлерге багытталган.
MegaKassa кызматы MEGA & РСК Банктын "Ишкер24" кызматташтыгынын мобилдик тиркемесине катталган колдонуучуларга да жеткиликтүү.
MegaKassa онлайн -кассасын колдонуунун кандай артыкчылыктары бар:
MegaKassa кызматы салыктык эсеп чөйрөсүндө ачык-айкындуулукту жана натыйжалуулукту камсыз кылуу менен, бизнес жүргүзүүдө сиздин ишенимдүү өнөктөшүңүз боло алат.
Колдонуучуну кошуу АКЫСЫЗ ишке ашырылат.
Маанилүү! 2024-жылдын 31-майына чейин (кошо алганда) ПKKM кызматы акысыз көрсөтүлөт.