Сот Кемпир-Абад иши боюнча айыпталган оппозициячыл саясатчы Бектур Асановго чет жактан дарыланууга уруксат берди. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта SUPER.KG порталына Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сот анын арызын канааттандырып, өлкө чегинен тышкары дарылануу үчүн 19-апрелге чейин убакыт берген.
Буга чейин 7-февралда Асановдун бөгөт чарасы өзгөртүлүп, эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулганы маалым болгон. Ага 15-январда Улуттук госпиталда моюн омурткаларына операция жасалган. Андан соң 25-январда №31 дарылоо мекемесине которулган.
Эске салсак, Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген бир катар саясатчы, жарандык активисттер 2022-жылы октябрда кармалган.