Алымкадыр Бейшеналиев депутат Коргонбай уулун сотко берди

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулун сотко берди. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта анын жактоочусу Кайсын Абакиров социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, Бейшеналиев парламенттин 14-марттагы жыйынында Коргонбай уулу анын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтиргени үчүн Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылган. Ал чындыкка дал келбеген маалыматтарды төгүнгө чыгарууну, келтирилген материалдык жана моралдык зыян үчун 10 миң сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

Эске салсак, 14-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар деп сындаган.

Эл өкүлү министр "мыйзамдагы ууру" Рысбек Акматбаевге операция жасаганын, мындан улам УКМК Бейшеналиевди жоопкерчиликке тартыш керектигин айткан. Ошондой эле ал Бейшеналиевдин "кара хирург" деген каймана аты бар экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан