Садыр Жапаров "Кожо баатыр дегиле" деген футболчу Жоэль Кожо тууралуу фактылар

SUPER.KG порталынын #Азыр рубрикасынын бул жолку чыгарылышында өлкөдө учурдагы эң популярдуу футболчулардын сап башында турган Жоэл Кожо тууралуу сүйлөшөбүз.

Белгилүү болгондой, кечээ, 26-мартта борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан курама командасы менен Кытайдын Тайбэй командасы ортосунда беттеш өткөн. Ал Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында өтүп, 5:1 эсебинде жыйынтыкталды. Биринчи таймдагы Кыргыз курамасынын 3 голун тең биз сөз кыла турган Жоэл Кожо киргизген. Футболчу тууралуу эмнелер белгилүү? Алдыда кеңири токтолобуз.

Кожо учурда 25 жашта. Ал 1998-жылдын 21-августунда Гананын борбору Аккра шаарында төрөлгөн. Ал аталган өлкөнүн жараны. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын курама командасынын чабуулчусу. Ошондой эле Самарканддын "Динамо" клубу үчүн да ойнойт.

Ал Кыргызстан менен Кытайдын Тайбэйи беттешинин 17, 38 жана 45-мүнөттө гол киргизип, Кыргыз курама командасынын тарыхында хет-трик жасаган үчүнчү оюнчу болуп калды. Буга чейин мындай ийгиликти Эдгар Бернхардт менен Виталий Люкс жараткан болчу.

Жоэл өз мекенинде "KK Адонтенг" командасында ойногон.

2018-жылы Оштун "Алай" клубуна өтүп, анын курамында сезондун жыйынтыгында 26 гол менен өлкө чемпиондугунун бомбардири, ошондой эле вице-чемпион болгон. Ошондой эле Кыргызстандын кубогунун финалчысы. Ал АФК кубогунун оюндарына катышкан .

Буга чейин "Алай" клубунан сырткары, "Дордой" жана "Нур-Баткен" командасында да ойногон.

Ал эми 2023-жылы Өзбекстандын экинчи дивизионундагы "Динамо" (Самарканд) клубуна өткөн.

2023-жылдын 18-майында ал Кыргызстандын улуттук курама командасына биринчи жолу FACA Nations Cup турнирине катышуу үчүн чакырылган. Улуттук курама команда үчүн дебюттук оюнун былтыркы жылдын 16-июнунда Ирандын курама командасы менен болгон беттеште жасаган.

2024-жылдын 25-январында Азия Кубогунда Оман курама командасынын дарбазасына биринчи голун киргизген.

Ал 2019-жылы "Алай" клубунда ойноп жүргөн кезинде Айзада аттуу кыргыз кызына үйлөнгөн. Алардын үлпөт тою 20-октябрда Токмок шаарындагы тойканалардын биринде өткөн.

Ал журналисттерге берген маегинде Кыргызстандын курама командасында ойноо анын максаты болгонун айтып, өлкө үчүн ойногонуна кубанычта экенин билдирген.

Кечээ, 26-марттагы беттештен кийин президент Садыр Жапаров "Ак Шумкарлар" менен жолугуп, аларды жеңиши менен куттуктаган. Анда Жоэл Кожо учурашып жатып: "Кожо баатыр, куттуктайм. Кожо баатыр деп жүргүлө!" деп айткан.


кошулду
Жоэл Кожо
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан