"Ат-башылыкмын". Футболчу Жоэль Кожонун көпчүлүктү күлдүргөн видеосу

Социалдык тармактарда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын чабуулчусу Жоэль Кожонун көпчүлүктү күлдүргөн видеосу тарады.

Видеодо көрүнгөндөй, "Дордой" клубунун президенти Жоэль Кожону тааныштырып жатып, "Айтчы каяктансың?" деп суроо салган. Анда Кожо "Мен Ат-Башыдан" деп жооп берген.

Видео качан тартылганы белгисиз.

Жоэль Кожо 26-мартта өткөн Кыргызстан-Кытай Тайбэйи беттешинде хет-трик жасаган. Ошондой эле ал быйыл январда Катарда өткөн Азия Кубогунда Кыргыз курамасындагы жалгыз голду киргизген.

Жоэль Кожо көпчүлүктү күлдүрдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан