Кыргызстанда дагы эки базар мамлекетке өтүп, ээси кармалды

Караколдогу "Бугу" жана "Макиш" соода базарларынын ээси кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Билдиргендей, атайын кызмат Р.А.Т.ны узак убакыттан бери ишкерлерден акча чогултуп, андан түшкөн пайданы фискалдык органдардан жашырып келгендигин аныктап, кармаган.

Текшерүүдө каржылык ишмердүүлүктө көптөгөн мыйзам бузуулар такталган. Натыйжада мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн аянты 1,14 гектар, баасы 233 миллион сомдон ашык болгон эки базар тең Каракол шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан