Коомчулукта резонанс жараткан видео Жалал-Абадда 27-мартта тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта SUPER.KG порталына облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, Ноокен РИИБине О.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 4-мартта саат 09:30 чамасында Кочкор-Ата шаарында жеке күзөт кызматынын кызматкерин 6 жаран таш, кирпич, таяк менен чаап, сабаганын айтып, аларга чара көрүүнү суранган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүүлөрдүн бири 1984-жылы туулган Ноокен районунун тургуну Н.С. аттуу жаран бир нече жолу тергөөгө чакырылып, бирок келбей жүргөн.
27-мартта саат 17:00 чамасында Н.С. милиция тарабынан кармалган. Кармоо учурунда кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарын баш ийбегендиктен күч колдонулган.
Ошол учурда шектүүнүн 2006-жылы туулган баласы атасына болушуп, кызматкерлерди тээп жиберген. Бул окуя боюнча милиция тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатат.
Ал эми шектүү Н.С. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.