Токтогулда 30 баш кой карызга алып, акчасын бербей жүргөн жаран кармалды

Токтогулда 30 баш койду карызга алып, акчасын бербей жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Токтогул райондук милициясына Чүй облусунун 56 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал былтыр 5-октябрда Боря аттуу таанышы 30 баш коюнун ар бирин 13 500 сомдон баалап, акчасын 25-декабрга чейин берем деген убада менен алганын айткан. Натыйжада арыз ээси 405 миң сомдук материалдык чыгым тарткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары Токтогул районунун тургуну 1982-жылы туулган Б.Б. кармалган.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан