Кыргызстан мамлекеттик жана өкмөттүк делегациялардын жетекчилери үчүн жаңы учак сатып алды. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Маалыматка караганда, 2002-жылы чыгарылган Airbus 320 учагы бүгүн “Манас” аэропортуна конду. Республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынган самолёт президенттин Иш башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилди.
"Былтыр 80 орундуу жана 9 орундуу эки учак сатып алынды. Алар өлкө аймагында жүргүнчүлөрдү арзан каттам менен камсыздайт. Быйыл дагы бир учак алынат", - деп жазды Орунбеков.