Тажикстанга мал айдап өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Бүгүн, 28-мартта УКМКнын Чек ара кызматы Тажикстанга бодо малды мыйзамсыз айдап өтүү аракетине бөгөт коюлгандыгын билдирди.

Маалыматка ылайык, чек арачылар Лейлек районунун Сарай жергесинде 14 баш ири мүйүздүү малды Тажикстанга айдап өтүүгө аракет кылган 1971-жылы туулган Р.А. аттуу жаранды кармашкан. Ал малды коңшу өлкөгө сатууга аракет кылган.

Кармалган 14 бодо малдын жалпы баасы болжол менен 2 миллион 600 миң сомду түзөт.

Тиешелүү документтер толтурулган соң мындан аркы териштирүү иштерин жүргүзүлүшү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан