Жапаров: "Кыргызстанда 100 ири өнөр жай ишканалары жана 100 социалдык объектилер ачылат"

2024-жылы Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында өлкөдө 100 өнөр жай жана 100 социалдык объект ачылат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте катуу тиричилик таштандыларын утилизациялоочу заводдун курулушуна капсула салуу аземинде сүйлөп жатып билдирди.

“Быйыл Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөнүнө 100 жыл толуп, анын алкагында Кыргызстанда 100 ири өнөр жай ишканалары жана 100 социалдык объектилер ачылат. Маселен, Чүй облусунда цемент заводу, жеңил унааларды чыгаруучу кыргыз-өзбек заводу, кафель чыгаруучу завод, тамеки чыгаруучу жана башка ишканалар ачылат”, - деди Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан