Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов мандатын жокко чыгарган сот чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылды.
SUPER.KG порталына шаардык соттон билдиргендей, жараян 3-апрелге белгиленди.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын административдик соту бир мандаттуу №29 Свердлов округунан шайланып келген Шайлообек Атазовду 1-мартта мандатынан ажыраткан.
Эл өкүлү соттун чечимине комментарий берип, ал мыйзамсыз экенин жана мамлекеттик түзүлүшкө, сот системасына доо кетиргенин, сот адилетүү деген сөзгө көө жапканын жазган.
(