Лондон шаарында кардарлардын башын жазган такси кызматы ишке кирди. Мындай маалымат интернет айдыңында пайда болду.
Маалыматка ылайык, аталган такси кызматын Лондондогу белгилүү Кытай ресторандарынын бири ишке киргизген. Кызматтын түзүүчүлөрү жыл жаңырганга чейин кардарларды ташуу бекер ишке ашырыларын кошумчалашат.
Баш жазуучу таксилер түнкү клубдан чыккан кардарларына баш жазуучу кызматын сунуштайт. Таксиде кардарга сунушталуучу ысык шорпо, апельсин ширеси, күндөн коргоочу көз айнек жана башка дарылар бар. Андан тышкары таксинин айдоочусу унаанын ичиндеги бейпилдикти камсыздап, кардардын маанайына жараша музыка коёт жана кардарды жетчү жерине чейин тыгынсыз жол менен алып барат.
Кытай рестораны бул кызматын дагы бир канча шаарда ишке киргизүүнү кароодо. Кечеге бараткан киши алдын ала такси кызматына чалып, ээлеп койсо болот же социалдык тармактарда жазуу калтыруу мүмкүн.