Италиялык эркин күрөшчү Франк Чамизо Бакуда өткөн лицензиялык турнирде азербайжандык Туран Байрамов менен жарым финалда кез келип, 8:8 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калды.
Күрөштүн жүрүшү менен Чамизого активдүү күрөшкөнүнө карабай упай берилген жок. Ал эми Туран Байрамов акыркы бир мүнөт качып эле күрөшпөй туруп алды. Күрөштүн бүтөрүнө бир секунд калганда Чамизо атаандашынын артына өтүп, эки упай алган жана ал таблого жазылган.
Бирок калыстар видео кайталоону көргөндөн кийин Чамизонун упайын эсептебей, жеңишти азербайжандык балбанга ыйгарышты.
Муну менен Туран Байрамов "Париж-2024" Олимпиада оюндарына лицензия утту.
Беттештен кийин Франк Чамизо калыстардын маңдайына барып, эч нерсени түшүнбөй калганын айтып, суранып турду.
Дүйнөнүн 3 жолку чемпиону, 2016-жылкы Олимпиаданын коло байге ээси Франк Чамизонун Париждеги Олимпиадага катышуу үчүн акыркы мүмкүнчүлүгү калды. Эми ал Стамбулда 9-12-май аралыгында өтө турган акыркы тандоо турниринде финалга чыгышы керек.