Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасы Таиланддын Бангкок шаарына келип жетти.
Бул жакта курама 16-апрелге чейин Азия Кубогуна акыркы даярдыктарын көрүп, андан соң турнирге катышат. Даярдык алкагында команда эртең, 10-апрелде Мьянмага каршы жабык контролдук беттеш өткөрөт.
Эске салсак, курамабыз Япония, Тажикстан жана Түштүк Корея менен "С" тайпасында ойнойт.
"С" тайпасынын жүгүртмөсү: 18-апрель, саат 13:00: Тажикстан - Түштүк Корея (Бангкок Арена);
17:00 - Япония-Кыргызстан (Бангкок Арена);
20-апрель, саат 13:00 - Кыргызстан-Тажикстан (Бангкок Арена);
17:00 - Түштүк Корея-Япония (Бангкок Арена);
22-апрель, саат 17:00 - Түштүк Корея - Кыргызстан (Хуамарк);
17:00 - Япония-Тажикстан (Бангкок Арена).