Өткөн ишембиде О! мобилдик операторунун кызматкерлери салттуу «Бак отургуз!» акциясын өткөрүштү.
Бул жакшы салтты сактап, компаниянын жамааты быйыл алтынчы жашыл паркты жаратышты. Мындай паркты Бишкек шаарынын №88 жалпы билим берүүчү мектебине белек кылышты.
«Биз борбор калаабыздын жашоочулары үчүн жашыл зоналарды жана таза микроклиматты пайда кылууга салымыбызды кошуп жатканыбыз үчүн абдан кубанычтабыз. Биз аткарган иш-аракет башкаларга дагы үлгү болот деген ойдобуз. Шаар тургундары жана башка компаниялар менен биргелешкен күч-аракеттерибиздин натыйжасында таза жана табигый айлана-чөйрөнү сактап каларыбызга ишенебиз», – деп белгилейт компаниянын өкүлү Эркина Сарбашева.
Мугалимдердин жана жогорку класстардын окуучуларынын жардамы менен чоң иштер жасалды – мектептин короосу жашыл аймакка айланып, жаңы балатылар менен кызыл карагайлар отургузулду.