Бүгүн, 11-апрелде Бишкекте күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу старт алат.
Азия чемпиондугунун биринчи күнүндө эркин күрөш боюнча балбандар килем үстүнө чыгат.
65 килограмм салмакта Улукбек Жолдошбеков чүчү кулактын жыйынтыгы менен Дүйнө чемпиону болгон ирандык Рахман Амузадхалили аттуу балбан менен алгачкы беттешинде эле күрөшмөй болду.
Рахман Амузадхалили Азия чемпиондугундагы негизги фаворит. Ал 2022-жылы Белградда өткөн Дүйнө чемпиондугунда алтын байге уткан. Ошондой эле 2 жолку Азия чемпиону.