Бүгүн, 12-апрелде Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунун экинчи күндүк беттештери башталат.
Мелдештин экинчи күнүндө эркин күрөш боюнча эркектер арасында 5 медаль топтому ойнотулат. Кыргызстандын атынан 5 балбан килемге чыгат. Алар:
- Тайырбек Жумашбек уулу (61 килограмм);
- Канат Керимбеков (74 килограмм);
- Атай Изабеков (86 килограмм)
- Нуртилек Карыпбаев (92килограмм );
- Айаал Лазарев (125 килограмм).
Беттештер саат Бишкек убактысы боюнча саат 11:00дө башталат.