Кыргызстандын эркин күрөш курама командасынын мүчөсү Тайырбек Жумашбек уулу Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпиондугунун финалына чыкты.
Кыргызстандык балбан 61 килограмм салмак категориясында турнирдин экинчи айлампасынан тартып катышууда. Алгач 1/8 финалда түндүк кореялык атаандашы Кум Чол Рини 5:0 эсебинде жеңип, 1/4 финалга чыккан.
Жарым финалда ал ирандык Резу Атринаргхарчи аттуу балбан менен кез келди. Беттеш бүтрүнө 1 секунд калганда кыргыз балбаны 7:7 эсебинде жеңилип жаткан. Ал акыркы секундда 4 упайлык ыкма жасап, эсеп санын 11:7ге айлантып, жеңишке жетти.
Муну менен кыргыз балбаны Азия чемпиондугунун финалына чыкты.
Эске салсак, ушул тапта “Бишкек Арена” муз аянтчасында спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Азия чемпиондугу өтүүдө.