Бишкекте 14-апрелде Аска-Таш мемориалдык комплексинен “Жаз деми” жарым марафону башталат. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, жарышка 3 миң 500 спортчу жана сергек жашоону сүйүүчүлөр катышат. Алар 5 километр, 10 километр, 21,1 километр аралыктарга чуркашат.
Ага ылайык, жарым марафондун алкагында 3 жаштан 13 жашка чейинки эң кичүү жөө күлүктөр үчүн “Балдар чуркоо” жарышы болот.
Белгилей кетсек, Фучик көчөсүндө "Аскат-Таш" стеласынан "Манас" аэропортун көздөй 18 километр аралыкта жарым марафон өткөрүү учурунда саат 8:00дөн 12:00гө чейин унаа кыймылына чектөө киргизилет. Унаа кыймылы үчүн эки тараптуу жолдун чыгыш тилкеси ачылат.
"Иш-чараны Бишкек мэриясынын жана мамлекеттик органдардын колдоосу менен “Nomad Sport” коомдук бирикмеси уюштурууда.
Кошумча маалымат телефону: +996 554 600 707",-деп айтылат маалыматта.