Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөсү Тайырбек Жумашбек уулу Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпиондугунда алтын медаль жеңди. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Ага ылайык, 61 килограммга чейинки салмакта ата мекендик спортчу 1\4 финалдык баскычтан баштады. Жалпы 3 беттеш өткөрүп, бардыгында тең жеңүүчү болуп чыкты.
"Ал финалдык беттеште коңшу казакстандык Ассыл Айтакын аттуу балбан менен күч сынашып жыйынтыгында 3:1 эсеби менен жеңишке жетти",-деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Тайырбек Жумашбек уулу ушуну менен Азиянын эки жолку чемпиону болду. Былтыр, 2023-жылы Астана шаарында (Казакстан) өткөн Азия чемпиондугунда чемпион болгон.