Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Айаал Лазарев Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпиондугунда күмүш байгенин ээси болду. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалымдалгандай, кыргызстандык балбан 125 килограммга чейинки салмакта 1\4 финалдык баскычтан баштады.
"Биринчи беттешин кытайлык Бухеердун атуу балбанды 10:6 эсебинде утуп, жарым финалда монголиялык Одгерел Баткхишигди 10:0 эсебинде жеңип финалга чыкты",-деп айтылат маалыматта.
Ал эми чечүүчү финалдык беттешин ирандык Амин Заре менен өткөрүп 0:11 эсебинде жеңилүү ызаасын тартты.
Ага ылайык, Азия чемпиондугунда 2-орунду ээлеп, күмүш медаль тагынды.