Кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда алтын байге утту.
Финалда кыргыз балбаны япониялык Сакура Мотоки аттуу балбан кыз менен кез келип, атаандашын 9:4 эсебинде аны жеңип алды.
Муну менен Айсулуу Тыныбекова карьерасында 6-жолу Азия чемпиондугун жеңди.