Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Эрлан Манатбеков Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпиондугунда үчүнчү орунду багындырды.
Манатбеков 130 килограммга чейинки салмак ченинде биринчи айлампаны өткөрүп, чейрек финалдан баштады. Анда Мансур Шадукаев аттуу казакстандык балбанды 9:1 эсебинде артта калтырды. Бирок жарым финалда ирандык Амин Мирзазадеге 0:9 эсебинде жеңилип калды.
Ал эми коло үчүн беттешин өзбекстандык Исломжон Рахматов менен өткөрүп, 3:0 эсебинде утканы кошумчаланды.