Бүгүн, 16-апрелде спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.
Анын алкагында грек-рим күрөшү боюнча 5 медаль топтому ойнотулуп, ал эми өлкө намысын 5 балбан коргойт.
Алар:
Жоламан Шаршенбеков (60 килограмм),
Раззак Бейшекеев (67 килограмм),
Адилхан Нурланбеков (72 килограмм),
Бекзат Орункул уулу (82 килограмм)
Бексултан Махмудов (97 килограмм).
Эске сала кетсек, беттеш "Бишкек Аренада" саат 11:00дө башталат.