Бүгүн, 16-апрелде Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпиондугунда кыргыз балбаны Раззак Бейшекеев күмүш медаль утту.
Ал финалдык беттеште ирандык балбан Саед Мурад Исмаили менен күрөшүп, 1:3 эсебинде утулду.
Балбан грек-рим күрөшүнөн 67 килограмм салмакта биринчи беттешинде монголиялык балбан Ганбаяр Намсрайды 14:0 менен уткан. Чейрек финалда казакстандык Алматбек Аманбекти 7:1 менен, жарым финалда Түштүк Кореядан келген Ханжае Чонгду 2:1 эсебинде жеңип финалга чыккан.
Раззак Бейшекеев 19 жашта. Ал 2021-жылы Венгриянын Будапешт шаарында грек-рим күрөшү боюнча балдар арасындагы дүйнө чемпиондугунда 60 килограмм салмакта алтын алган. Былтыр Кытайда өткөн Азия оюндарында 67 килограмм салмак ченинда коло тагынган.