Бишкекте 6 жаштагы бөбөктү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 7-апрель күнү саат 17:25 чамасында Бишкек шаарындагы Псков менен Матыев көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочу белисиз унаада жөө жүргүнчүнү сүзүп, кетип калган. Натыйжада 6 жаштагы өспүрүм С.А. шаардык №3 ооруканага жеткирилген.
Ыкчам издөө иштеринин жыйынтыгында 1988-жылы туулган айдоочу М.С. кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Анын башкаруусундагы Мазда Демио үлгүсүндөгү унаасы айып короого токтотулду.
Учурда тергөө иштери уланууда.