Бишкекте өткөн күрөш боюнча Азия чемпиондугунда алтын байге уткан япониялык балбан Юи Сусаки социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Азия чемпиондугу тууралуу ою менен бөлүштү.
Анда ал аны колдогондордун бардыгына ыраазычылыгын билдирип, Бишкекте түшкөн сүрөттөрүн жарыялады.
"2024-жылкы Азия чемпиондугундагы элестер. Колдооңуздар үчүн бардыгыңыздарга рахмат. Мен дагы күчтүүрөөк болом", - деп жазды Юи Сусаки.
24 жаштагы Юи Сусаки "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын чемпиону. Ошондой эле Дүйнөнүн 5, Азиянын 2 жолку чемпиону.