Жайыл районунда 18 жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинен билдирди.
Маалыматта бүгүн, 17-апрелде милицияга Алексеевка айылынын 2006-жылы туулган Э.С. аттуу тургуну өз өмүрүн кыйгандыгы кабарланат.
Аталган факты Жайыл РИИББине катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталган.
"Алдын ала териштирүү учурунда маркум үйдүн короосундагы чатырга асынып алганы аныкталды. Ал үйдө жалгыз болгон", - деп айтылат маалыматта.
Учурда окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, толук кандуу териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.