Кызыл-Кыяда уурулукка шектелип 50 жаштагы аял кармалды

Бүгүн, 17-апрелде Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарынан уурулукка шектелген 50 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу облустун ОИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга 63 жаштагы Б.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал анда үйүнө белгисиз адам кирип, сумкасынын ичинен 100 миң сомдук алтын буюмдарын уурдап кеткендигин айткан.

Бул окуя тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "уурулук" беренесинин негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.

Жыйынтыгында кылмышка шектүү катары Сузак районунун тургуну О.А. аттуу жаран Кызыл-Кыя шаарынан кармалып, тергөө кызматына өткөрүлдү. Ошондой эле ал уурдаган алтын буюмдарды катып койгон жеринен алып, толугу менен ээсине берди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан