Кыргызстандан чыккан "Жардам кербени" Казакстандын Актөбе шаарын басып өттү. Ал арада 7 жүк ташуучу унаадан 1 жүк ташуучу унаа бөлүнүп, Костанай шаарына жетип жардам жүгүн түшүрдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Ага ылайык, 6 жүк ташуучу унаа Актөбе шаарына жетип, ал жактан дагы 1 жүк ташуучу унаа Орал шаарына бет алды. Ал эми дагы 1 унаа Актөбе шаарында калды.
"Натыйжада 4 жүк ташуучу унаа жолун улап Көлсары шаарына бет алды", - деп айтылат маалыматта.