Криштиану Роналду мурдагы клубуна каршы миллиондогон евро доо коюп, утуп алды

Италиянын соту туриндик "Ювентус" клубун мурдагы чабуулчусу Криштиану Роналдуга дээрлик 9 миллион 800 миң евро төлөп берүүгө милдеттендирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Буга чейин туриндик клуб Роналдуга 19 миллион 900 миң евро төлөшү керек экени, каржылык отчёттордо эсепке алынбаганы айтылган. Бул каржылык алдамчылык "Ювентуста" тинтүү учурунда табылган документтердин аркасында белгилүү болду.

Роналду өз ара макулдашуу боюнча пандемия учурунда төлөнбөй калган акчаны кайтарып берүүнү талап кылып сотко кайрылган. Салыктарды эске алып, сот "Ювентус" өзүнүн мурдагы футболчусуна 9 миллион 800 миң евро төлөп бериши керек деп чечти.

Роналду "Ювентус" клубунда 2018-жылдан 2021-жылга чейин ойногон. Бул убакыт аралыгында ал 134 расмий беттеш өткөрүп, 101 гол киргизген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан