Бүгүн, 18-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов Бишкекте “Кофе и точка” деген аталыштагы казино иштеп жатканын айтып чыкты.
Эл өкүлү ага бир катар жарандар кайрылганын, тамактануу жайынын атын жамынып алып казино иштетип, кумар оюндары ойнотулган жайларга акчасын уттургандар көп экенин билдирди.
"Бүгүнкү күндө “Кофе и точка” деген казино иштеп жатыптыр. Ага акчасын уттургандар өтө көп. Укук коргоо органдары текшерип жаап жатат дейбиз, бирок андай эмес экен. Үйүнө чейин күрөөгө коюп, уттуруп жибергендер бар экен. Ушул жайды кимдер иштетет, аты-жөнүн тактап, ушул жерден угушубуз керек болуп калды. Мыйзамсыз иштеп жаткан казинолорду тез аранын ичинде жабыш керек”, - деди Икрамов.