Жалал-Абад шаарынын Исакулов көчөсүндө жайгашкан №23 "Билимтай" балдар бакчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, "Билимтай" балдар бакчасы 2 кабаттан туруп, 150 орунга ылайыкташкан. Мында балдар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.
Ага ылайык, бала бакчанын курулушуна 84 миллион сом жумшалган. Бул каражат Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 миллиард сомдун эсебинен бөлүнгөн.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында муниципалдык 27 мектепке чейинки билим берүү мекемеси бар.