22-апрелден 26-апрелге чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында, Боом капчыгайында (темир жолдун 3901-чакырымында) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул жөнүндө "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жумуш жол жарым-жартылай тосулгандан кийин сатт 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге багытталат.
Мекемеден аталган иштер Бишкек-Нарын-Торугарт жол тилкесинде автомобиль жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүп жатканын кошумчалады.