"Манас" театрынын жаңы имаратын ачуу аземи сыйлык тапшыруу менен коштолду (фото)

Бүгүн, 18-апрелде Бишкек шаарында Кыргыз улуттук “Манас” театрынын жаңы имаратынын ачылыш аземи өттү. Иш-чарага президент Садыр Жапаров, УКМКнын төргасы Камчыбек Ташиев, башкы прокурор Курманкул Зулушев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов баштаган бийлик өкүлдөрү, мамлекеттик, коомдук ишмерлер жана өнөр адамдары катышты.

Салтанаттуу азем манас айтуу менен башталып, төкмө акындардын санаттары менен уланды.

Мамлекет башчысы ата-бабалардан калган мурастарга аяр мамиле кылуу, улуу муундардын жолун улантуучулукту, улуттук жана тарыхый каада-салттарды жайылтуу, маданий өнүгүшүнө багытталган шарттарды түзүү мамлекеттик саясаттын негизги милдеттеринен болуп саналарын белгиледи.

"Мамлекет кыргыз элинин туу туткан руханий азыгы, идеологиялык жол көрсөткүчү болгон улуу «Манас» дастаныбыз баш болгон рухий мурастарыбызды жайылтууга бар күч-аракетин жумшайт. «Манас» улуттук театрынын коомдогу орду чоң", - деди өлкө башчы.

Иш-чарада президент Элмирбек Иманалиевге "Эмгек баатыры" наамы берилгенин билдирди. Ал эми манасчы Рысбай Исаковго Кыргыз Эл артисти наамы ыйгарылды.

Манасчы сыйлык алгандан кийинки эмоциясы менен бөлүшүп жатып, төмөнкүлөргө токтолуп өттү. "Сыйлык – биздин көтөргөн жүгүбүздү андан ары оорлото турган нерсе. Ошого татыктуу болуп, эл жүгүн татыктуу аркалаганга аракет кылабыз. Муундан муунга үзүлбөй келе жаткан баба мурасын келечектеги муундарга жеткирип берүүгө далбастайбыз", - деди манасчы.

Эске салсак, 2022-жылы Рысбай Исаков Түркиянын Бурса шаарында өткөн “Манас" жумалыгына катышып, дүйнөлүк Гиннесстин рекорддор китебине 124 саат убакытка тынбай манас айтуу боюнча катталган.

Иш-чарада “Манас” театрынын директору Азиз Биймырза уулу “Даңк” медалы менен сыйланды. Сыйлыкты президент Садыр Жапаров тапшырды.

"30 жылдан бери кыргыз тарыхында жалпы айтуучулардын күткөн күнү бүгүн расмий тушоосу кесилип, түйүнү чечилип отурат. Бул саамалык улуттук маданияттын жаңы бир тепкичке көтөрүлгөнүнүн далили десек болот. Бүгүн болсо өлкөнүн 7 дубанындагы 130дан ашуун өнөрпоздордун башын бириктирип, мамлекет камкордукка алганын көрдүңүздөр. Театр жааматы кубанып турабыз.

Театрдын сахнасында классикалык дастандар, классикалык ырлар коюлуп, улуу өнөрдү алып жүрүүчүлөр элге таланттарын тартуулашат", - дейт Азиз Биймырза уулу.

Төкмө акын Баян Акматовго Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамы тапшырылды.

Мындан тышкары “Манас” театрынын төкмө акыны Изат Айдаркулова жана театрдын дастанчысы Улукбек Токтоболот уулу Президенттин Ардак грамотасы менен сыйланышты. Сыйлыктарды өнөр ээлерине Садыр Жапаров тапшырды.

Иш-чара театрдын өнөрпоздору даярдаган концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Маалымат үчүн: Жаңы театрдын имаратынын курулушу 2022-жылы жайында башталган. Эки кабаттуу объекттин жалпы аянты 1600 чарчы метрди түзөт. Имаратта театрдын чыгармачыл жамаатынын ыңгайлуулугу үчүн бардык зарыл шарттар бар: кенен кийим алмаштыруучу бөлмөлөр жана 300 орундуу концерттик зал. "Манас" театры Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин карамагына карайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан