Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо иши ӨКМдин суучулдары тарабынан жигердүү уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде министрликтен билдиришти.
Маалымдалгандай, учурда Ысык-Көлдүн Каракол булуңундагы көлдүн аянтын тазалап, 26-марттан баштап 17-апрелге чейин 2585 килограмм таштанды, 18 миң 900 метр балык уулоочу тор чыгарышты.
Белгилей кетсек, Ысык-Көлдү масштабдуу түрдө тазалоо иши президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана жарлыгынын негизинде ишке ашууда.