Коңшу Казакстандагы селден улам Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу боюнча көйгөй жаралышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат
Дастан Жумабеков билдирди.
Эл өкүлү өкмөттү азыртадан бул маселени ойлонуп, чара көрүүгө чакырды.
"Азык-түлүк коопсуздугун азыртадан ойлонбосок, ушул жылы жана кийинки жылы оор болот. Айрыкча буудай, арпаны ошол мамлекеттен алабыз. Анан суу каптоонун айынан аларда түшүм өтө аз болот деп ойлойм", - деди Жумабеков.