"Беш-Сары" соода борборунун негиздөөчү Камчыбек Жолдошбаев 19-июнга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 18-апрелде Биринчи Май райондук сотунан тастыктады.
Ага ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту экс-депутат, “Беш-Сары” жоопкерчилиги чектелген коомдун негиздөөчүсү Камчыбек Жолдошбаевди 19-июнга чейин камакка алуу чечимин чыгарды.
Эске салсак, буга чейин "Беш-Сары" ЖЧКсында ири өлчөмдө салыкты төлөөдөн качкан фактылар аныкталып, ал ээлик кылган Жолдошбаев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.