Бүгүн, 18-апрелде Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдештин салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдешке Казакстан, Өзбекстан, Россия, Иран, Таиланд жана Кыргызстандын тандалган 200гө жакын булгаары мээлей чеберлери катышууда. Беттештер 22-апрелге чейин өтөт.
Иш-чаранын ачылышына мамлекеттик органдар, бокс боюнча дүйнөнүн чемпиону, өкүлдөрү жана атайын чакырылган коноктор катышты.