Модель, блогер Эдил Айдарканов сүйүктүүсү менен бош кошту. Бул тууралуу модель мырза өзүнүн Инстаграм баракчасына видео, сүрөт жүктөп, "Күткөн күн келди" деп билдирүү калтырган.
Белгилүү болгондой, алар 16-апрелде жаштар арасында той өткөрүшкөн, ага блогерлер чыгармачыл чөйрөдөгү инсандар катышкан.
Ошондой эле Айдарканов учурда жубайы менен үй-бүлөлүк видео, сүрөттөрүн бөлүшүп жатат.