УКМК: "Талас шаарында бюджеттик каражаттарды уурдоо фактысы аныкталды"

Талас шаарында бюджеттик каражаттарды уурдоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалым болгондой, атайын кызмат Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасында материалдык каражаттарды негизсиз эсептен чыгаруу жолу менен акча каражаттарын уурдаганын аныктаган.

Ага ылайык, аталган муниципалдык ишкананын жооптуу жетекчилерине жана кызматкерлерине кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

"Аудитордук текшерүүнүн алдын ала жыйынтыгы менен мамлекеттин кызыкчылыгына 6 миллион сомдон ашык суммада зыян келтирилгени такталды. Азыркы учурда бул иштин бардык жагдайларын, ошондой эле коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан