Ички иштер органдарынын жетекчилик курамында жаңы дайындоолор болду. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде ИИМдин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, министрдин буйругу менен Мурат Боронов Баткен ОИИБинин башчысы кызматынан бошотулуп, Ысык-Көл ОИИБинин башчысы кызматына, Улан Жукенов Баткен ОИИБинин башчысы кызматына дайындалышты.
Ал эми Улан Орозалиев Бишкек ШИИББинин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы кызматынан бошотулуп, Ысык-Көл ОИИБинин башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары кызматына дайындалды.
Ошондой эле Максат Абдымомуновго Ысык-Көл ОИИБинин башчысынын сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басарынын милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлдү.