Сокулук районунда жер тилкесин 2 жолу саткан шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүүдөн жабыр тарткан жаран милицияга арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2022-жылдын декабрь айында Военно-Антоновка айылында жайгашкан 5,4 гектар жер тилкесин М.А. аттуу жарандан 42 миң долларга сатып алган. Бирок кийин ошол эле жер тилкеси үчүнчү жактарга сатылып кеткенин билген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
"Шектүү катары 1958-жылы туулган М.А. атуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда кармалган жарандын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы аныкталууда", - деп айтылат маалыматта.