Оштун мэри Бакытбек Жетигенов “Алымбек датка” муниципалдык аймактык башкармалыгынын Ирригатор участкасында курулушу 2015-жылы башталып, токтоп калган 275 орундуу мектептин курулуш иштери менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде Ош мэриясынан билдиришти.
Ага ылайык, 10 жылга жакын убакыттан бери бүтпөй турган мектептин курулушу кайра жанданды. Учурда бөлмөлөрдө шыбак иштери жасалууда.
Белгилей кетсек, мектептин аймагында спорттук зал, откана жана эки суу кампасы болуп, керектүү бардык шарттары каралган.
"Аталган мектеп республикалык бюджеттин эсебинен курулуп, министрлер кабинетинин көзөмөлүндө турат. Билим берүү мекемесин жаңы окуу жылы пайдаланууга берүү болжолдонууда", - деп айтылат маалыматта.