ТИМ Оренбургда суу ташкында жабыркаган кыргызстандыктар тууралуу маалымат берди

Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Оренбург облусундагы суу каптоодон жабыр тарткан кыргызстандыктар катталбаганын билдирди.

Маалыматка ылайык, министрлик Орусиядагы элчилик менен чогуу аталган аймакта жашаган кыргыз диаспоралары менен байланышып, кырдаалга байкоо салууда.

"18-апрелге карата элчиликке Кыргызстандын жарандарынын жабыркаганы боюнча маалымат түшкөн жок. Ал эми Орусиянын жарандыгын алган этникалык кыргыздардын үйүн суу каптаганы тууралуу маалымат ырасталды”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 18-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Маткеримов Оренбург облусунда жашаган кыргыздар жардам сурап жатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан