Дайынсыз болуп, изделип жаткан Албина Жаңыбай кызы Ош шаарынан табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, ал кечээ, 18-апрелде шаардагы сейил бактын биринде жүргөн жеринен табылып, апасына тапшырылган.
Эске салсак, буга чейин милиция 13-апрель күнү Өзгөн районунда 2002-жылы туулган Жаңыбай кызы Албина үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын маалымдаган.