Астанада Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевдин жолугушуу аземи өттү (видео)

Бүгүн, 19-апрелде Астанада президент Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи өттү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Ага ылайык, “Акорда” президенттик сарайында Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароол тизилип, килем төшөлгөн.

Мамлекет башчылары бири-бири менен учурашкандан кийин өздөрүнүн расмий делегацияларын тааныштырып, Ардак кароолдун ротасынын командиринин рапортун кабыл алышты.

Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик гимндери жаңырды. Андан ары өлкө лидерлери тизилген катардын алдынан өтүштү.

Биргелешкен сүрөткө түшүү аяктагандан кийин өлкө башчылары чакан форматтагы сүйлөшүү залына өтүштү.

Астанада Садыр Жапаров жана Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан